Кыргызстанда бала бакчалар сентябрда ачыла алат

Кыргызстанда бала бакчалар сентябрда ачыла алат. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Ал белгилегендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу боюнча уруксатты санэпидем көзөмөл жана жергиликтүү бийлик берет.

 

Эгер санитардык кызматтар абалды коопсуз деп тапса, бала бакчалар ачылып, бөбөктөрдү кабыл алышат.