Медициналык адистиктерге кошумча 90 гранттык орун бөлүндү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, каалоочулар бюджеттик негизде “Дарылоо” жана “Медицина-профилактикалык иш” багыттарына өтө алат.
Кабыл алуу Мамлекеттик медициналык академияда, Кыргыз-орус славян университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде ачылды.
Аталган гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу онлайн форматында 22-29-августта жүргүзүлөт.