Кыргызстанда балдарга ысым тандоодо ата-энелер арасыда популярдуулары аталды.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 3 жыл катары менен эркек балдар арасында Умар,
Алинур жана Мухамед ысымдары көп коюлду. Популярдуулардын катарында ошондой эле, Алихан,
Али, Нурислам, Билал жана Амир бар. Ал эми кыздарга ата-энелер көбүнчө Раяна, Амина, Фатима,
Айлин жана Арууке аттуу ысымдарды тандашат. Акыркы убактарда популярдуулардын
катарын Дария, Альфия жана Хадича толуктай баштады.