Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушуна капсула салынды.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Садыр Жапаров катышып, бул күндү тарыхта калат деп белгиледи.
Долбоорго ылайык, спортчулар үчүн дээрлик 2 миң чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашкана болот.
Анын сметалык баасы 100 миң сомго жакын.
Учурда спорт залды куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100 пайызга казылды.