Кыргызстанда бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалат.
Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, компьютерлерди алуу үчүн бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү.
Апрель-май айларында мугалимдер техниканын биринчи партиясын алышат, калганы 1-сентябрда берилет. Учурда бир нече кытай компаниялары менен ноутбуктарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Техника биринчи кезекте физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили боюнча мугалимдерге берилет, — деди Самыкбаева.