Кыргызстанда бизнести каттоо үчүн атайын эреже иштелип чыкты

Кыргызстанда бизнести каттоо үчүн атайын эреже иштелип чыкты. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, атайын инструкцияда ПИНди алуу жана юридикалык жактарды каттоонун бардык түрү кеңири жазылган.

 

Андан тышкары, анда Калкты тейлөө борборлорунун, Ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректери, мамлекеттик органдардын иш тартиби жазылып, керектелүүчү документтердин тизмеси бар. Ведомстводон белгилешкендей, бизнести каттоого 3 күндөн 2 жумага чейинки убакыт талап кылынат.