Кыргызстанда жыл аягына чейин 27 жаңы мектеп пайда болот

Кыргызстанда жыл аягына чейин 27 жаңы мектеп пайда болот.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,

объектилер өлкөнүн бардык облустарында курулууда. Муну менен

15 миңден ашык окуучунун билим алышына шарт түзүлөт.

Бүгүнкү күндө мектептердин 4төө пайдаланууга берилди.

Курулуш иштеринин жалпы сметалык наркы 25 миллион 747 миң долларды түзөт.

Сумма Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилет.