Бишкектин мектептеринде салттуу режимде жанданган билим берүүнүн алгачкы күнүндө 53 миң окуучу мектепке келди

Бишкектин мектептеринде салттуу режимде жанданган билим берүүнүн алгачкы күнүндө 53 миң окуучу мектепке келди.

Мэриядан билдиришкендей, андан тышкары 1-5-9-11-класстын параллель түрүндө 3 миң 700 окуучусу онлайн окуп жатат.

Бүгүнкү күндо 97 мектеп жана 87 бала бакча дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз. Мектептерде санитардык

нормалар сакталууда, кире бериште фильтрлер орнотулду, ар бир окуучунун дене табы текшерилип,

жеке маалыматтары атайын күндөлүккө түшүрүлүп жатат. Мэриядан белгилешкендей, ата-энелер

балдарын коргонуу каражаттары менен камсыздашы керек. Билим берүү мекемелери акча чогултууга тыюу салынат.