Кыргызстанда доллар куну 79 сомго түштү

Кыргызстанда доллар куну 79 сомго түштү. Америкалык валютанын курсу бүгүн эртең менен төмөндөө багытын алды. Буга Улуттук банктын интервенция жасаганы себеп болушу мүмкүн.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валюта серпилүүсүн токтотуу максатында 3 миллион 700 миң доллар сатты. Белгилеп кетсек, кечээ доллар кескин көтөрүлүп,  коммерциялык банктар аны 85 сомдон сатышты. Муну менен ал 1 саатта эле 12 сомго көтөрүлгөн.