Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу 20-майга жакын каралат

Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу 20-майга жакын каралат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, бардыгы коронавирус жуктургандардын жана алар менен байланышта болгондордун санынан көз каранды.

 

Ал эми бала бакчалардын ишин жандантуу суроосу июнга чейин каралбайт, — деди калаа жетекчиси. Эске салсак, 11-майдан тарта ордо калаада автобус жана троллейбустар жүрө баштамак. Бирок бир күн калганда республикалык штаб бул оюнан кайтты.