Ордо калаада кезектеги гүл композициясы пайда болду

Ордо калаада кезектеги гүл композициясы пайда болду. Аны “Тазалыктын” кызматкерлери Чүй проспектисинин Эркиндик бульвары менен кесилишинде жасашты. Эми эки клумбада чоң көпөлөктөр “учуп”, көпүрө алдында гүлдөрдүн дарыясы “агууда”.

 

Композияцияга 48 миң даана гүл отургузулду, анын ичинде сальвия, агератум, тагетис жана башка бир жылдык гүлдөр бар.