Кыргызстанда доллар өткөрүлгөн интервенцияга карабай өсүүдө

Кыргызстанда доллар өткөрүлгөн интервенцияга карабай өсүүдө. Бүгүнкү күндө айрым коммерциялык банктар аны 79 сомдон сатышууда. Ал эми ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 78 сом 30 тыйындан сатып алып, кайра 78 сом 70 тыйындан сатып жатат.

 

Бир сутка ичинде доллар дароо 70 тыйынга кымбаттады.

 

Акыркы 2 жумада ал 4 сомго жогорулады. Кечээ Улуттук банк валюта серпилүүсүн алдын алуу максатында 10 миллион доллардан ашык сатты.