Кыргызстанда доллардын куну дагы төмөндөп, 83 сомдук чекке түштү

Кыргызстанда доллардын куну дагы төмөндөп, 83 сомдук чекке түштү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 83 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 90 тыйынга сатышууда.

 

Жуманын башынан бери ал   50 тыйынга арзандады. Адистер доллардын курсунун төмөндөшүн ага болгон суроо-талаптын азайганы менен байланыштырууда.