Республикалык бюджеттин 2020-жылдын жыйынтыгы менен деифицити 37,5 миллиард сомго теңелет

Республикалык бюджеттин 2020-жылдын жыйынтыгы менен деифицити 37,5 миллиард сомго теңелет. Бул пландалган көрсөткүчтөн 4,7 эсе көп. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

 

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин жаңы долбоорунда киреше гранттардын эске алуу менен – 133 миллиард сомду түздү. Ал эми чыгаша 170,6 миллиард сомго жетет.