Кыргызстан балбандары Алматыда өтө турган Азия чемпионатына барат.
Турнир 8-апрелден 19уна чейин өтөт. Мелдештин алкагында биздин өлкөнүн
кыздар күрөшү боюнча, грек-рим жана эркин күрөш боюнча курамалары күч сынашат.
Жалпысынан биздин өлкөдөн 20дан ашык балбан катышат. Алар
олимпиадалык спорт түрү боюнча дирекциянын эсебинен жөнөтүлөт.