Кыргызстанда жумушсуз деп катталган 94 миң 200 адамдан болгону 123 киши мамлекеттен жөлөк пул алат

Кыргызстанда жумушсуз деп катталган 94 миң 200 адамдан болгону 123 киши мамлекеттен жөлөк пул алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов түшүндүргөндөй, жөлөк пул өтө аз суммада, айына  300 сом гана берилгендиктен көбү кайрыла бербейт.

 

Мында социалдык жардам алуу үчүн паспорт, алган билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керектелет.

 

Министрликтин базасында катталгандар башка социалдык жеңилдиктерди да алышат. Жумушсуз адамдарга жөлөк пул берүү үчүн жылына өкмөт тарабынан 5 миллион сом бөлүнөт, — деди Токтосартов.