Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы алгач 8-майда Москвадагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн мааракелик саммитке катышкан.
Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашып, бир катар документтерге, чечимдерге кол коюп, кабыл алышкан.