Бишкек мэриясынын чиновниктери аз камсыздалган жарандарга арналган батирлерди ээлеп алышканы аныкталды

Бишкек мэриясынын чиновниктери аз камсыздалган жарандарга арналган батирлерди ээлеп алышканы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ар кандай себептер менен мураскерге эмес, мамлекет эсебине өтүүгө тийиш болгон 6 батирде муниципалитеттин кызматкерлери жашап жүргөн.

 

Дагы 29 батирде жашап жүргөндөрдүн аты-жөнү тактала элек. Бул фактылар боюнча “Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду.