Кыргызстанда калкты каттоого 25 миң адам тартылат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кызматкерлер жарандардын маалыматын чогултушат. Жалпысынан, өлкө аймагында 500 каттоо бөлүмүн ачуу пландалууда.
Эске салсак, Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Бул ирет ал биринчи жолу уюлдук тиркеменин жардамы мене жүргүзүлөт.