“Электрондук билеттештирүүнүн” карталары окуучуларга кийинки жумада жеткиликтүү болот

“Электрондук билеттештирүүнүн” карталары окуучуларга кийинки жумада жеткиликтүү болот. Долбоордун авторлорунун айтымында, окуучулардын жол карталары даяр, учурда мектептен берилген тизме боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат. Электрондук картанын баасы 50 сом.

 

Аны окуучу бир жолу сатып алып, айына 175 сомдон толтуруп турушу керек. Бул анын бир айлык жол киреси болуп эсептелет. Учурда “Электрондук билеттештирүү” долбоору сынактан өтүп жатат.