Кыргызстанда колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

Кыргызстанда колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат.

Ал 25-августка чейин жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинин басма сөз

кызматынан билдиришкендей, абитуриенттер министрлик тарабынан атайын

иштелип чыккан системада катталышат. Окууга өткөндөр документтердин

түп нускаларын окуу жылы башталганда бериши керек.

Быйыл кабыл алуу 145 колледжде жүргүзүлүүдө.