Нарын облусунда үймө-үй кыдырып вируска чалдыккандарды аныктоо иштери уланууда.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык,
аймакта 63,5 миң үй-бүлө жашайт. Учурда анын жарымынан көбүнө түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү. 5 миң адам медицина мекемелерине текшерилүүгө жиберилди.
Иштерди көчмө топтор жүргүзүп жатат. Санитардык-гигиеналык талаптар сакталууда.