Бишкекте мектептер жана бала бакчалар дээрлик 2,5 эсеге ашыра жүктөлгөн

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар дээрлик 2,5 эсеге ашыра жүктөлгөн. Бул тууралуу ордо калаанын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова билдирди.

 

Анын айтымында, бала бакчаларга учурда 25 миң бөбөк кезекте турат. Абалды жаңы объектилерди куруу менен гана чечсе болот. Бүгүнкү күндө Бишкекте 8 мектеп жана 5 бала бакча курулууда. Андан тышкары, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 7 билим берүү мекемеге кошумча корпус салынып жатат.