Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, аталган райондук

акимиаттын кайрылуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Мындай чектөө 21-марттагы Нооруз майрамына жана 9-майдагы

Жеңиш күнүнө тиешеси жок. Эске салсак, 2-мартта «Ала-Тоо»

аянтында өткөн митинг көзөмөлдөн чыгып, милиция анын

катышуучуларын күч менен таркатты. Натыйжада жабыркагандар

катталды. Башаламандыктан кийин шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнө

100дөн ашык адам алып келинип, алардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.