Баткен облусунун Кадамжай районунда контейнерден курулган оорукана ишке даяр.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 200 орундуу медициналык мекеме
жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Жеңил конструкциядан куралган оорукананын
жалпы аянты 1 гектарга жакын. Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана
эмеректер менен камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлдү.
Белгилеп кетсек, объекти Өзбекстандын колдоосу менен тургузулду,
мындай оорукананын бири Бишкекте жайгашат