Июль жана август айларында Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн
медициналык жабдуулар алынып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо
министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жабдуулар Кытай жана
Түркиядан жеткирилет. Анын катарында 300 кычкылтек концентратору,
42 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 10 миң пульсоксиметр бар.
Өлкөдө жетишсиздикти жоюу иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.