Кыргызстанда кумшекердин жетишсиздиги жок

Кыргызстанда кумшекердин жетишсиздиги жок. Бирок азыктын баасы дагы эле кымбат. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

 

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эки заводдо шекер Бразилиядан ташылып келген сырьедон өндүрүлүүдө. Ал эми кызылчадан кант чыгаруу сентябрда башталат. Ошондо баалар дагы төмөндөйт деп күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, учурда заводдогу дүң баа килограммына 82 сом 50 тыйынды түзөт, дүкөндөрдө болсо кумшекер   85 сомдон жогору сатылып жатат.