Балдарга гаджеттерди канча убакытка берсе боло турганын адистер айтып беришти

Балдарга гаджеттерди канча убакытка берсе боло турганын адистер айтып беришти. Республикалык ден-соолукту бекемдөө борборунун маалыматына ылайык, 2 жашка чыга элек наристелерге дээрлик телефон колуна карматпаш керек.

 

2ден 5ке чейинки балдарга күнүнө бир саатка, ал эми 6дан 18 жашка чейинкилерге суткасына 2 саатка гана гаджет берсе болот. Адистер белгилешкендей, смартфондорду ашыкча колдонуу балдардын ден-соолугуна чоң зыян алып келет.