Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу бул жолу жашаган жери жана башка аймактар боюнча бир убакта жүрөт

Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу бул жолу жашаган жери жана башка аймактар боюнча бир убакта жүрөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жумада мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу башталат. Арыздар биринчи кезекте микроучасток боюнча каралат.

 

Ал эми башка жерде жашагандардын документтери орун бош болгон учурларда кабыл алынат. Белгилеп кетсек, буга чейин алгач жашаган жери боюнча арыздар кабыл алынып, ал жабылгандан кийин гана башка аймактардын арыздары каралчу.