Жыл башынан бери Кыргызстан валюта рыногунда 8-жолу интервенция
жасады. Улуттук банктын маалыматына ылайык, акыркы сатуу 2-апрелде
болду. Муну менен доллардын кунун кармап туруу үчүн жалпысынан
14 миллион 200 миң доллар сатылды. Эске салсак, 19-марттан баштап
өлкөдө Америка валютасынын наркы кескин жогорулады. Учурда
доллардын куну 85 сомго жетти. Буга карабай, Улуттук банк валюта
рыногундагы кырдаалды туруктуу деп сыпаттайт.