Кыргызстанда миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад жана Таласка туура келет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 1 млн 94 миңдейи убактылуу чет жакта жашайт. Алардын 27 пайыздан ашыгы жумушка жарамдуу жарандар.
Миграцияда жүргөндөрдүн 22 пайыздан көбү Баткенге туура келет. Талас менен Жалал-Абаддагы сандар дагы ушуга жакын. Туруктуу жашабагандардын эң азы Чүй облусунда катталган.