Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат

Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, курулушка 22 млн сом жумшалат. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында бөлүнгөн.

 

Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.