Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет

Кыргызстанда музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Мындай кадам музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда. Учурда Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Фрунзе мемориалдык үй-музейи жана Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи тиешелүү иштерди алып барып жатат.

 

Система 2024-жылдын 1-апрелине чейин тесттик режимде иштейт.