Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 167 миллион сом түштү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Түндүк» системасы аркылуу банктардан алынган маалымат боюнча, каражат
21 саясий уюмдан чогулду. Сумманын 154 миллион сому шайлоонун чыгымдарына
багытталды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрь,
кийинки жекшембиде өтөт. Бул ирет 90 депутат аралаш система менен тандалат.