Кыргызстанда насыя алгандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда насыя алгандардын саны көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында микрокредиттик компаниялар аркылуу 8,5 миллиард сомго насыя берилди.

Ал эми карыз акча алгандардын саны 168,5 миңди түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Насыя алгандардын саны былтыр аталган мөөнөткө салыштырмалуу 17 пайызга көбөйсө,

берилген микрокредиттин көлөмү 23,5 пайызга жогорулады. Насыяны алгандардын көбү

Ош, Жалал-Абад облустарына жана Бишкекке туура келет.