Кыргызстанда рубль акырындап өз позициясын кайтарууда

Кыргызстанда рубль акырындап өз позициясын кайтарууда. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы жазууда. 10-мартта комменрциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары россиялык валютаны 90 тыйындан сатып алып жатса, кечээ ал кайрадан сом менен теңеле баштады.

 

Эске салсак, өтүп кеткен жекшембиде рублдун куну кескин түшө баштаган. Эксперттердин айтымында, бул мунайзаттын баасынын арзандашына байланыштуу.