Италияда азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалардан башкасынын бардыгы ишин токтотот

Италияда азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалардан башкасынын бардыгы ишин токтотот. Мындай буйрукту өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте чыгарды. Бул коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында болууда. Ага ылайык, кафе, бар, ресторан, чач-тарачтар, сулуулук салондору иштебейт. Коомдук транспорт, почта жана банктар мурункудай иштей берет.

 

Италияда коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге жетип, 400дөн ашык адам каза тапты.