Кыргызстанда 7-апрель дем алыш бойдон калды

Кыргызстанда 7-апрель дем алыш бойдон калды. Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинен белгилешкендей, 7-апрель — Апрель элдик революциясынын күнү белгиленет.

 

Белгилеп кетсек, өтүп кеткен жылдын декабрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февралдын, 7-апрелдин жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу маселеси каралып жатканын билдирген.