Кыргызстанда салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы түзүлдү.
Ага 11 спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясы кирди. Дене тарбия жана спорт
агенттигинен билдиришкендей, ассоциацияны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын
экс-директору Алмазбек Касенов жетектейт. Ассоцияция калк арасында улуттук оюндарды,
улуттук спорт түрлөрүн популярдуу кылуу максатында түзүлдү.