Билим берүү министрлиги 2-чейректен тартып мектептерди ачуу боюнча сунуштама берди.
Билим берүү мекемелерин дезинфекциялоо жана санитардык талаптардын аткарылышын
камсыздоо үчүн министрлик каражат бөлөт, — деп белгиледи министр Алмазбек Бейшеналиев
өкмөттүн жыйынында. Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министрлиги окууну аралыктан
улантуу керек десе, билим берүү министрлиги окуучулар мектепке кайта турган убак келди деп эсептейт.