COVID-19 менен күрөшүүгө бюджеттик резервден 827 миллион сом бөлүнөт

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү максатында мамлекеттик бюджеттин резервиндеги каражат бөлүнөт. Аталган маселе боюнча токтом долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралды.

 

Анда финансы министринин орун басары Алмаз Курбаналиев баяндама жасап, резервдеги 827,6 миллион сомдун баарын пайдаланууга өкмөткө уруксат берүүнү сурады. Натыйжада токтом долбоорун 115 депутат колдоп, резервде калган каражаттын баарын пайдаланууга уруксат берилди.

Эл өкүлдөрү өкмөт бөлүнгөн каражаттын колдонулушу боюнча маал-маалы менен отчёт берип турушу керектигин эскертишти.