Баардык райондордо балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу
максатында райондук штабдын мүчөлөрү үйлөрдү текшерүүдө.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка караганда, мигранттардын балдары тарбияланып жаткан айрым
үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу балдарга мыйзамсыз иштер жасалып аткандыгы катталууда.
Буга карата, Ички иштер министрлиги ар бир факты боюнча тергөө жүргүзүп,
күнөөлүү тараптарды мыйзам чегинде жоопко тартат.