Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Анын тартиби боюча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

29-февралда жалпы республикалык тестке каттоо башталды. 4-апрелге чейин өтөт. Каттоо онлайн режимде жүрүп жатат. Онлайн деген эмнени түшүндүрөт? Система аркылуу кирип катталышат абитуриенттер, кагаз толтурбастан. Бирок катталууга онлайн системага кирүү үчүн алар мүмкүндүк алышы керек. Ал мүмкүндүктү райондук билим берүү бөлүмүнөн же мектептеги мугалимдерде, жооптуу адамдардан алышат

 

 Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайлардын басымдуусу абитуриенттерди бир гана ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алат.