Бишкектеги №47 колониянын ордунда “Мурас” турак-жай комплексинин курулушу уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, учурда 39 блоктон турган объект тургузулуп жатат.
Быйыл 18 кабаттуу 11 үйдүн курулушу аяктайт деп пландалууда.
Комплексте 5 миң батир болот. Өзүнчө жылуулук системасы, бала бакча, спорт аянттары, унаа токтотуучу жай, соода борбору, кафе жана башка объектилер каралат.