Кыргызстанда жеке жактарга жана компанияларга мамлекет менчигиндеги жерлерди ижарага алуу сунушталды

Кыргызстанда жеке жактарга жана компанияларга мамлекет менчигиндеги жерлерди ижарага алуу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги чыгарды.

 

Кеп калк жашаган түйүндөр, суу фонду, айыл-чарбачылыгына, өндүрүшкө, транспортко, байланышка жана энергетикага бөлүнгөн жерлер тууралуу болуп жатат. Аталган тилкелерди ижарага берүү тартибин жана шарттарын министрлер кабинети бекитет.