Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү көбөйүп, дээрлик 9,5 миллиард кубометрге жетти. “Электр станцияларынан” Novosti.kgге билдиришкендей, суунун суткалык орточо келүүсү 1 миң 313 кубометр болсо, чыгышы 245 кубду түзүүдө.
Белгилеп кетсек, буга карабай Улуттук энергохолдинг жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну сунуштайт.
Анткени, өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда.