Кыргызстанда жумушсуздукту азайтуу боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет

Кыргызстанда жумушсуздукту азайтуу боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет. Бизге Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында вакансия жарманкелери уюштурулуп турат.

 

Катышуучу компаниялар бош орундары менен тааныштырат, ал эми иш издеп келгендер ыңгайлуусун тандап, маектешүү жүргүзүлөт.

 

Андан тышкары, адистер резюмени кантип туура толтуруу керектигин айтып берет. Белгилеп кетсек, өлкөдө расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 100 миңден ашат.