Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 6,2 пайызга өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 6,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Анын ортосунда, азык-түлүктүн баасы 7,6 пайызга, спирт ичимдиктери жана чылымдын наркы 9,3 пайызга кымбаттаса, тарифтер 2,3 пайызга көтөрүлдү.

 

Бир жыл ичинде эң көп гречканын баасы өстү – 32,5 пайызга, суу май, кумшекер жана эт дээрлик 21 пайызга кымбаттаса, кондитер азыктары 7 пайызга кымбаттады.