Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен

Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

 

Анын айтымында, бийлик тарабынан 2026-жылга чейин айылдарды толук кандуу таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынды.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда таза суунун тарифин жогорулатуу керектигин билдирген.