Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Куткаруучулар учурда 15 чакырым суу түтүктөрүн ээритип жатат, — деп билдиришти 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

 

Жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылууга атайын техника тартылды. Гуманитардык жардам катары 20 тонна ун, 8 тонна кумшекер жана 4 тонна суу май таратылды.

 

Эске салсак, 13-январдан тарта Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.